<?xml version="1.0" encoding="UTF-8"?><song><title>Ынтымактуу, ырыскылуу болгула</title>
<lyrics>[V1]
.  C                      G
 Ынтымактуу, ырыскылуу болгула
. F                C      G
 Ыйык жашап Теңиримдин жолунда.
.    F                       C
 // Ыйса болуп жашооңордун негизи,
. F          C      G
 Ыйык Рухка ченеми жок толгула. //

[V2]
 Коломтодо оту жанып сүйүүнүн,
 Коштоп жүрсүн ырайымы Теңирдин.
 // Кол кармашып бирге кызмат кылгыла,
 Кур калтырбай Теңир берет белегин. //

[V3]
 Бакыт тилеп, сүйүү каалап силерге,
 Бата сурап, кайрылабыз Теңирге.
 // Бак болгула шагы ийилген мөмөлүү,
 Жемишин мол берип турган күнүгө. //</lyrics>
<key>C</key>
</song>